Барскоондон Беделге чейинки жүрүш же "аман калган" Ди Каприого теңдешкен Жаналиев

© Азамат ЖаналиевКыргызстндык саякатчы Азамат Жаналиев
Кыргызстндык саякатчы Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-бабалардын изи менен" чакырыгы алдында Ысык-Көлдүн Барскоон аймагынан Бедел ашуусуна чейинки аралыкты жөө басып өтөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев 14 күн бою ата-бабалардын бир кылым мурда басып өткөн жолун кайталай турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Жаналиев сапарын Барскоон аймагынан баштап, деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктиктеги Бедел ашуусунан аяктай турганын айтат.

"Бул аракеттерим Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Анда Үркүн маалында Кытай тарапка качкан ата-бабалардын баскан жолун кайталайм. Ысык-Көлдүн Барскоон аймагынан баштап Бедел ашуусуна чейинки аралыкты 14 күндүн ичинде басып өтүүнү пландап жатам. Бедел ашуусу деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жакта күнү-түнү дебей аркыраган шамал болуп, түнкүсүн 40 градуска чейин суук болот", — дейт ал.

Жаналиев эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын баса белгиледи. Учурда оператордук топ аныкталып, демөөрчүлөр изделүүдө.

© Азамат ЖаналиевЖаналиев сапарын Барскоон аймагынан баштап, деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктиктеги Бедел ашуусунан аяктай турганын айтат
Жаналиев сапарын Барскоон аймагынан баштап, деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктиктеги Бедел ашуусунан аяктай турганын айтат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жаналиев сапарын Барскоон аймагынан баштап, деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктиктеги Бедел ашуусунан аяктай турганын айтат
© Азамат ЖаналиевСаякатчы эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын баса белгиледи
Саякатчы эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын баса белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Саякатчы эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын баса белгиледи
© Фото / Азамат ЖаналиевУчурда оператордук топ аныкталып, демөөрчүлөр изделүүдө.
Учурда оператордук топ аныкталып, демөөрчүлөр изделүүдө. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда оператордук топ аныкталып, демөөрчүлөр изделүүдө.
1/3
Жаналиев сапарын Барскоон аймагынан баштап, деңиз деңгээлинен 4238 метр бийиктиктеги Бедел ашуусунан аяктай турганын айтат
2/3
Саякатчы эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын баса белгиледи
3/3
Учурда оператордук топ аныкталып, демөөрчүлөр изделүүдө.

"Басып өткөн жолумду экшн-тасма катары тартып, аны көрөрмандарга сунуштайбыз. Мындай тасманын артыкчылыгы адамдын кызыгуусун арттырат, анткени сапар маалында туш болгон бардык учур чагылдырылат. Сапаттуу видео тартуу үчүн жакшы техника керек. Аларды алуу үчүн азыр демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Эгер алар бүгүн табылса бүгүн, эртең табылса эртең сапарга чыгып кетүүгө даярбыз. Жалпысынан 4-5 киши болот", — дейт демилгенин ээси.

Ал ошондой эле тартуучу топтун коопсуздугун Ысык-Көл райадминистрациясы менен ӨКМ камсыздай турганын айтып, министрлик автоунаа бөлүп бере турганын кошумчалады.

Тоодо жылкы жетелеген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Режиссер: тасма тартууда үшүп-тоңуп, чын эле Үркүндөгүдөй абалга кабылдык
Эгер жакшы демөөрчүлөр табылып калса, Кытайдагы Кашкар аймагына чейин барып, ал жактан да Үркүн маалындагы окуяларды иликтеп келсем деген пландары бар экенин белгиледи. Азыр Кытайдагы кыргыздар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дейт ал.

Жаналиев учурда бул долбоорго чет жактан да кызыккандар көп экенин айтат. Казакстан менен Франциядагы айрым студиялар тасманы алып, өз өлкөсүндө көрсөтүү ниетин билдиришкен.

Топоздун курсагын жарып ичине жатам

Бул сапардын эң бүйүр кызыткан жери Леонардо Ди Каприо тартылган "Аман калган" ("Выживший") тасмасындагыдай малдын ичин жарып, анын ичине кирип жатуу экенин Жаналиев айтат.

"Ди Каприо тартылган тасмадагыдай аракеттерди биздин ата-бабаларыбыз медициналык ыкма катары колдонуп келгени тууралуу уламыштар бар экен. Жоого чыгып, ал жактан жарадар болгондор ушинтип дарыланчу дешет. Мен да аларды кайталап, топоздун курсагын жарып, анын ичине кирип, алымдын жетишинче жатканга аракет кылам", — дейт ал.

Ошондой эле Жаналиев мындай аракети менен Леонардо Ди Каприону Көчмөндөр оюнуна чакырып, ага Кыргызстандын атынан чакырык жасасам деген тилеги бар экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0