Депутаттар да 7-апрелди эс алуу күнү кылууну сунушташты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМонумент памяти погибших за свободу народа на площади Ала-Тоо. Архивное фото
Монумент памяти погибших за свободу народа на площади Ала-Тоо. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мамлекет башчысы 7-апрелди календарда майрам күн кылууну ЖКга сунуштаган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 7-апрелди эс алуу күнү кылууну сунушташты. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке бул күндү 2010-жылдын апрель окуяларын эскерүү менен эс алуу күн кылууну айткан. Мындан тышкары, мамлекет башчысы 2005-жылдын 24-мартын — Элдик революция күнү жана 17-марттагы (2002-жыл) Аксы окуяларын — жыл сайын белгиленүүчү дата кылуу боюнча сунуштаманы өкмөткө берген.

Депутаттар Эмгек кодексин "эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн" күрөшүп курман болгондорду эскерүү жөнүндө түзөтүү менен толуктап, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын статусун мамлекеттик деңгээлде бекитүүгө ниеттенишүүдө.

Демилгечилер: Рыскелди Момбеков, Мээрбек Мискенбаев, Иса Өмүркулов, Мурадил Мадеминов, Чолпон Султанбекова, Алмамбет Шыкмаматов, Ашера Халикова, Екмат Байпакбаев, Нурбек Алимбеков, Галина Скрипкина, Руслан Казакбаев, Мухтарбек Айнакулов, Жылдыз Мусабекова, Асель Кодуранова, Төрөбай Зулпукаров, Эльвира Сурабалдиева, Улан Примов жана Азамат Арапбаев.

Кыргыз Ресупбликасындагы жумушчу эмес майрам күндөр: 

  • 1-январь — Жаңы жыл;
  • 23-февраль — Ата мекенди коргоочулардын күнү;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;
  • 21-март — Нооруз элдик майрамы;
  • 7-апрель — Апрель революциясынын күнү;
  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май —Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август —Кыргыз Республикасынын эгемендик күнү;
  • 7-ноябрь —Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү; 

Апрель окуяларында каза болгондордун элесине "Ата Бейитте" куран окулуп, гүл коюлду
Ай календары менен аныктала турган мусулмандардын "Орозо айт", "Курман айт" майрамдары жана 7-январь — Иса пайгамбардын туулган күнү да жумушчу эмес майрам күндөрү болуп эсептелет. 

Майрам эс алуу күндөрүнө туш келип калса ал кийинки күнүнө жылдырылат. 

Эс алуу жана жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында бул күндөрдү башка күндөргө жылдырууга өкмөттүн укугу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0