Өкмөт: былтыр Кыргызстанда 647 жаңы ишкана ачылып, 10 миңден ашуун жумушчу орун түзүлдү

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүСүт заводу. Архив
Сүт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр экономиканын туруктуулугун сактап калуу негизги милдет экенин белгиледи.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 647 жаңы ишкана ачылып, 10 миңден ашуун жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Базардагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сатуучу: доллар арзандаганы менен азык-түлүктүн баасы төмөндөбөйт
Аны ачып жатып өкмөт башчы экономиканын акыркы көрсөткүч менен тааныштырды. Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча быйылкы жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 32 миллиард 165,8 миллион сомду же пландалган тапшырманын 103,6 пайызын түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 миллиард 114,6 миллион сомго жеткен. Ал эми учурунда салыктык кирешелердин көлөмү 20 миллиард 293 миллион сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 миллиард 21,3 миллион сомго көп болгон.

Мамлекеттик бажы кызматы планды 104,6 пайыз аткарып, 5 миллиард 762,4 миллион сом чогултту. Мында планда көрсөтүлгөн суммадан 252,7 миллион сом ашыкча чогултулганы аныкталды. 

Сариев кирешелерди толтурууда коюлган планды толтурбаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирди. Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту сактап, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо өкмөттүн негизги милдети экенин эске салып, аны аткарууга бардык мамлекеттик органдар өз аракетин толук кандуу жумшашы керектигин белгиледи.

"Былтыркы жылы дүйнөдөгү жана ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кризиске карабастан өсүүнүн оң динамикасын сактап калдык. Натыйжада 98 социалдык объект, анын ичинде 73 мектеп курдук. Ошондой эле ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилип, өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылды, 10 миң 594 жумушчу орун түзүлдү", — деди Сариев.

Премьер-министр өкмөттүн бул жааттагы иш-аракеттери толугу менен уланып, дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0