Ахунбаев — Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги "элдик инспектор" жазага тартылышы мүмкүн

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юрист ошол эле учурда Кайгуул милициясынын экипажы үчүн эч кандай административдик жаза каралбаганын белгиледи.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Автотыгын учурунда жамгырда калып, жолдун кесилишинде туруп унаалардын кыймылын жөнгө салган жаран мыйзам боюнча жаза тартып, айып пул төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу юрист Владимир Плужник билдирди.

Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкеринин формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматы тууралуу биле жүрүңүз
1-апрель күнү Кайгуул милициясы расмий ишке киргенден баштап YouТube каналында видео пайда болуп, анда иштебеген жол чырактарга жана жол кыймылын башкарып жаткан жигитке эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясы тууралуу айтылган. Кол чатыр кармаган жаран Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде унааларды башкарып турат. Дал ушул маалда кайгуул машинасы өтөт.

Юристтин айтымында, "элдик инспектордун" аракети жолоочулардын, унаа каражаттарынын кыймылына мыйзамсыз чек коюу катары бааланышы мүмкүн.

"Мыйзамда "Жолду мыйзамсыз жабуу" беренеси боюнча 3000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Бирок эч ким деле жазага тартылбаса керек. Ошол эле учурда Кайгуул милициясынын кызматкерлери үчүн эч кандай чара каралган эмес", — деди юрист.

Кайгуул милиция башкармалыгы бул боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын натыйжасында жол кыймылын көзөмөлгө албаган кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0