Соцтармактын күчү менен алты жашар Маликанын кыялы орундалды

© Жакен ЧотойАлты жашар Малика белекке алган пианинонун жанында
Алты жашар Малика белекке алган пианинонун жанында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак пианинодо ойноону кыялданган алты жашар кыздын таржымалы интернетке жарыяланган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Таржымалы интернет айдыңына тараган алты жашар Маликанын тилеги орундалып пианиного жетип отурат. Бул тууралуу Ololo art Studio студиясы билдирди. 

© Жакен ЧотойТаржымалы интернет айдыңына тараган алты жашар Маликанын тилеги орундалып пианиного жетип отурат
1/2
Таржымалы интернет айдыңына тараган алты жашар Маликанын тилеги орундалып пианиного жетип отурат
© Жакен ЧотойМаликанын апасы Айзада Жолдошеванын айтымында, кызы бул кабарды угары менен кубанычы койнуна батпай, аспапта ойногонду үйрөнүүнү баштады.
2/2
Маликанын апасы Айзада Жолдошеванын айтымында, кызы бул кабарды угары менен кубанычы койнуна батпай, аспапта ойногонду үйрөнүүнү баштады.
1/2
Таржымалы интернет айдыңына тараган алты жашар Маликанын тилеги орундалып пианиного жетип отурат
2/2
Маликанын апасы Айзада Жолдошеванын айтымында, кызы бул кабарды угары менен кубанычы койнуна батпай, аспапта ойногонду үйрөнүүнү баштады.

Бишкектиктер пенсионерлердин гүлдөрдүн кыя өтпөй сатып ала башташты
Аталган студиянын жетекчилеринин бири Виктория Юртаева (Маликанын кошунасы) 30-март күнү пианино ойногонду кыялданып, бирок аны алууга үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү жок кыз тууралуу социалдык баракчасына жарыялаган.

Аз убакыттын ичинде кыздын окуясы шамалдай тарап, Анна Бардикова аттуу жаран өзүнүн аспабын Маликага берүүгө макул болгон. Анткен менен аспапты Военно-Антоновкадан үчүнчү кичи районго жеткирүү көйгөй жараткан. 

Бардикова Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү музыкалык мектепти аяктап, пианинодо ойногонду жактырарын билдирген. 

"Убакыттын өтүшү менен пианинодо ойноого кызыгуум тарап, аспап бош эле жаткан. Интернеттен Малика тууралуу окуп калып, жардам берүүнү чечтим. Мага бул пианинону чоң атам белек кылган", — дейт Бардикова. 

Студиянын кызматкерлери кайрымдуулук иш-чарасынан түшкөн акчага аспапты кызга жеткирип беришкен. 

Маликанын апасы Айзада Жолдошеванын айтымында, кызы бул кабарды угары менен кубанычы койнуна батпай, аспапта ойногонду үйрөнүүнү баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0