Кыргызстандын сүрөттөрү "National Geographic Россия" журналына чыгат

© Фото / Влад УшаковСары–Челек көлү. Архив
Сары–Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жибек Жолу боюнча фототур өтөт. Анын программасында белгилүү туристтик обьектилерди кыдыруу каралган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү илимий-географиялык журнал National Geographic май айынын башында Кыргызстан боюнча фототур өткөрүүнү пландаштырып жатат.

Экспедицияга "National Geographic Россия" басылмасынын башкы сүрөтчүсү Андрей Каменев жетекчилик кылат.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине тур Кыргызстандын Туризм департаменти менен биргеликте иштелип чыккан Улуу Жибек Жолунун үч маршрутунун бири боюнча өтөрүн маалымдады.

"Мен өз ишмердүүлүгүмдү 1983-жылы Кыргызстандан баштагам. Андыктан, өлкөнү жакшы билем. Экспедицияга 10 адам катышат", — деди ал.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан КМШдагы 5 мыкты туристтик өлкөнүн ичине кирди
Турдун программасында "Ала-Арча" улуттук паркына баруу, гүлдөп жаткан кызгалдактарды, Бурана мунарасын, Ысык-Көлдүн түндүк жээгин, Тянь-Шань чокуларын жана Жети-Өгүздүн табиятын тартуу каралган.

Анын жыйынтыгы менен мыкты сүрөттөр "National Geographic Россия" журналына басылып чыгат.

National Geographic былтыр Кыргызстанды "фототур үчүн мыкты багыт" деп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0