Бишкек мэри баланы талап жаткан иттен сактап калган троллейбустун айдоочусун сыйлады

© пресс-служба мэрии города БишкекТроллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаев. Архив
Троллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан жети жаштагы Нурислам Төлөгөновду ротвейлер породасындагы ит тиштеп алган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жаш баланы иттен сактап калган троллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаевди кол саат менен сыйлады. 

Бишкекте баланы талап кеткен иттин ээси: менин итим жоош
Эскерте кетсек, 30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан 7 жаштагы Нурислам Төлөгөновду ротвейлер породасындагы ит тиштеп алган.

"Ак-Тилек" жаңы конушунун аймагынан баланы ит талап атканын көргөн троллейбустун айдоочусу унаасын токтото коюп, баланы куткарууга шашкан. 

Иттин ээсин жабырлануучуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0