Жоголуп кеткен чек арачынын апасы: уулумду өлтүрүп же сатып жиберишкен

© Sputnik / Эркин АлымбековЖоголуп кеткен чек арачы Бексултан Бааридинов. Архив
Жоголуп кеткен чек арачы Бексултан Бааридинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр август айында Чоң-Алай районундагы "Карамык" чек ара заставасында кызмат өтөп жүргөн аскер Бексултан Бааридинов жоголуп кеткен. Аны издөө иштери азырынча жыйынтык бере элек.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Былтыр август айында жоголуп кеткен чек арачы Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Закирова уулун аскер кызматкерлери өлтүрүп же сатып жибериши мүмкүн деп шектенип жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2015-жылы 23-август күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Карамык" чек ара заставасында кызмат өтөгөн Бексултан Бааридинов нөөмөт учурунда жоголуп кеткен. Кийин ал ууга чыккан боюнча кайтып келбегени маалым болгон. 

Закирова укук коргоо кызматкерлери баласынын изделип жатканын айтканы менен оңчулуктуу натыйжа боло электигин белгилейт.

"Баламды милиция Беловодскидеги үйгө чейин издеп келип жатып аскерге алып кеткен. Эми аны жоготуп жиберишти. Баламды таап беришин талап кылам. Издеп эле атабыз дегени менен азыркыга чейин табыла элек. Баламды алар өлтүрүп туруп көөмп коюшкан же башкаларга сатып жиберген деп шек санап жатабыз", — дейт Закирова.

Бааридиновдун апасы укук коргоо органдары тоолордо кар кеткенден кийин да изделе турганын айтышканын билдирүүдө. Бирок Закирова баласы тоодо болсо буга чейин эле табылмак экенин кошумчалады.

Ал ошондой эле президентке дагы бир нече жолу кат жазганын, бирок андан эч кандай жооп келбегенин өкүнүү менен белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы Бааридиновду издөө иштери токтотулбастан жүрүп жатканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0