Түндө Талас, Кемин өрөөндөрүндө үшүк жүрөт

© Sputnik / Таалай ОроскуловАрка в Таласской области. Архивное фото
Арка в Таласской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет өлкөнүн айрыма аймактарында аба ырайы өзгөрүп жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде үшүк жүрөрүн, мындай үшүк бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келерин Кыргызгидромет эскертет.

Ошондой эле, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, өзгөчө Бишкек — Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Каракол — Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Ала-Бука — Каныш-Кыя (70-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0