Зумрад Жанабаева үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматынын мурунку жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив
Жол кайгуул кызматынын мурунку жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим Октябрь райондук соттун көчмө жыйынында кабыл алынган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын мурунку жетекчиси Зумрад Жанабаеванын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын туугандары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Жанабаеванын ишин караган Октябрь райондук соту Улуттук госпиталда көчмө жыйын өткөргөн. Анда Жанабаева менен бирге камакка алынган аталган мекеменин кадр бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Түлеева да бошотулду.

Бишкектин Жол кайгуул кызматын убактылуу Нурдин Насыркулов жетектемей болду
Эскерте кетсек, Жанабаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалаган деген шек менен 25-март күнү кармалган. Октябрь райондук соту аны 17-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Убактылуу кармоочу жайда отурган Жанабаеванын ден соолугу начарлап, 28-мартка караган түнү ооруканага жаткырылган.

Бул маалыматты Октябрь райондук соту расмий тастыктай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0