Жети баштагы баланы тиштеп алган иттин ээси компенсация төлөмөй болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРотвейлер. Архив
Ротвейлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан 7 жаштагы Нурислам Төлөгөновду ротвейлер породасындагы ит тиштеп алган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова жамбашын ит тиштеп алып, балдардын №3 шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жаткан 7 жаштагы окуучуну барып көрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан 7 жаштагы баланы ротвейлер породасындагы ит тиштеп алган.

Бишкекте баланы талап кеткен иттин ээси: менин итим жоош
Иттин ээсин жабырлануучуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди. 

Рыскулова ит каап алган биринчи класстын окуучусуна жолугуп, тезирээк сакайып кетишин каалады. Ошондой эле оюнчук жана жер жемиштерди тапшырды.

Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков учурда баланын абалы канааттандырарлык жана ооруканадан чыгууга даярданып жатканын айтып, бул жакка көбүнчө кокусунан жыгылып жана жол кырсыгынан жараат алган балдар жаткандыгын белгиледи.

Свердлов районунун РИИБи аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0