Бизнес-тренингден байыгандар барбы? Же 1000 долларлык тренингдин пайдасы канча?

© Sputnik / Табылды КадырбековПланшетте иштеп жаткан адам. Архив
Планшетте иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө буга чейин теледен көрүп, бирөөдөн угуп таң калып келген көп нерселер күнүмдүк жашообузга абдан сиңип, көндүм оокатка айланып калган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов Батыштан келген саамалыктын бири бизнес-тренинг деген нерсенин оош-кыйышын карап көрдү.

Акыркы жылдары ар кыл семинарлар көбөйдү. Чечендик өнөрдү, туура ойлонушту, кантип дос күтүүнү үйрөтүшөт. Жада калса жалгыздыктан жадагандар үчүн өзүнчө курстар бар. Эң кеңири тараганы — бизнес-тренингдер. Алардын алды 100 доллардан баштап 5000 еврого чейин жетет.

Интернетти барактап отуруп, кызыктуу жарнамага көзүм түштү.

"Кантип нөлдөн бизнес баштоо керек? Карыздан бат кутулууну каалайсыңбы? Ийгиликтүү бизнес жасоону үйрөтөбүз".

Салык кызматынын имаратында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы бизнес чөйрөнү инвентаризациялоону баштады
Бул эч нерсе эмес, "үй-бүлө бюджетин туура колдонууга үйрөтүп", бул да аздык кылса "сүйүктүүңүз менен табыштырып, үй-бүлөлүк бакытты таап берет", ал да аздык кылса, "балдарыңыздын талантын ташкындатып, каржы интеллектин көтөрүп салат". Ушул жарнамадан келесоо эле баш тартпаса, акылы жайында адам пендечилик кылып, дароо ээрчип кетери бышык.

Жашырганда эмне, жарнама мени магниттей эле тартып алды. Интернеттеги издөө системалары менен "бизнес-тренинг" деп жазсам эле, жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыкты.

"Базар экономикасы такыр өзгөрдү, эскичилик менен иш кылуу кооптуу, дароо өзгөрүп, жаңыча ыкма менен иште, өз бизнесиңди 100 миң долларга чейин көбөйт" деген бизнес-мектептин сайтын барактап көрөлү.

Сайтка кирер менен эле, биздин тренингден кийин ишкерге окшоп ой жүгүртүп, бизнесиңдеги кирешени эки эсе көбөйт да, байып жатып кал деген тренердин сүрөтү турат. Жарнамаларын карап отуруп, алар мага сыйкырчыдай эле сезилди. Элестетип көрүңүз, алардын айтымында, эки күндүк тренингде ой жүгүртүү түп-тамыры менен өзгөрүп, бизнесиңиз дүңгүрөп өсүп кетет экен.

"Бул тренерлер өзү ким?" деген суроо тамакка такалган сөөктөй эле туруп алды. Анда чогуу иликтеп көрөлү. Бул соболго бардыгы кызыгарын аңдап түшүнгөн тренерлер, өзүлөрүн болушунча "апакай" кылып, сайтынын көрүнүктүү жерине балп эте жайгаштырып коюшкан. Алардын айтымында, көпчүлүгү жоктон баштап миллионер болушкан, арасында илимдин докторлору, профессорлор бар. Бизнестин 50гө чукул түрлөрүн өздөштүрүп, 10дон ашуун китептердин авторлору.

Бул маалыматтардын канчалык чындыкка жакын экенин текшерүү кыйын эмес. Ооба, китептери бар. Ал китептер бекер эмес, 500 сомдон 1000 сомго чейин сатылат. Ар кыл сертификаттарын көрүүгө болот. Дүйнөнү дүңгүрөткөн тренерлер менен кошо сүрөткө түшүп, аларды көрүнүктүү жерлерине илип коюшкан. Бирок, дүңгүрөгөн бизнесинен дайын жок.

Булар жалганчылар, ишенбеш керек дегендер да бар. Бактыяр Шаршеев, тренингдерге катышып, өзүнөн эч кандай өзгөрүү байкаган эмес.

"Жарнамага алданып барып алыптырмын, эки күндүк убактымды жана 100 доллар акчамды кетирдим. Эч кандай байып кеткеним жок", — дейт Шершеев.

Ал эми Мырзахит Мырзаев акча которуп атайын семинарларга барганды жактырбайт.

"Ошол эле бизнестин дөө-шаалары өз учурунда эч кандай сабактарсыз эле өз ишмердүүлүгүн баштап, учурда ийгиликтүү бизнесин жүргүзүүдө", — деди Мырзаев.

Ал эми ишкер Элзар Абылкасымов бул семинарлар адамга мотивация берерин белгиледи.

"Мектепте бизди кантип бизнес кылууну, жашоого кандай көз караш менен кароону үйрөтпөйт. Андыктан бизнес сабактар адамга пайдалуу. Мен ишкер болгондуктан, бизнестин сырларын өздөштүрүүгө абдан пайда берет", — деди Абылкасымов.

Таалай Мадиев учурда Бишкекте эки, Ошто бир атыр саткан дүкөн ачкан. Ал төрт жыл мурун сабак алып баштаган. Башкаларга ишкерликтин сыры боюнча сабак өтүп турат. 

"Семинарларга бир эле жолу барып, булар жалганчы экен дегендер арбын. Спорт залга бир барып, чемпион болгондор жок да. Ошол сыяктуу эле сабактарга такай барса, анан тыянак чыгат. Мен төрт жыл мурун курстан өткөм. Учурда бизнес кылуу менен бирге, тренер болуп да эмгектенем", — деди Мадиев.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: өкмөт негизсиз текшерүүлөрүнө чек коё турган системанын моделин иштеп чыгат
Бишкектеги бизнес сабактарын үйрөтүүчү мектептерге баш бакканыбызда алар жарнамага жазгандарын кайталап беришти. Алардын айтымында, пайда көрүү үчүн акчаны аяган туура эмес. Алган билимди туура колдонуу — ар бир адамдын өзүнөн деген жооп кайтарышты. 

Эгерде бир күндүк сабакка катышам десеңиз 100 доллар, эки күндүгү 200 доллар, ал эми дасыккан бизнесмен болууну чечсеңиз, бир аптага 1000 доллар төлөйсүз. Ысык-Көлдүн жээгине алып барып сабак өткөндөр 5000 евроңуз үчүн "акылдуу" кылып коет.

Албетте, бул кызматты пайдаланууну ар ким өзү чечет.

Жаңылыктар түрмөгү
0