БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ош шаарында аялдар үчүн эки айлык окуу курсу ачылганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара акыркы күндөрү аялдар арасында ар кандай ислам динине туура келбеген терс диний агымдарга азгырылуу көрүнүштөрү байкалып жаткандыктан улам уюштурулган.
Окуу курсунун ачылыш аземине Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабаев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Азизбек Ташболотов, казыят кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Ал арада Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө "Муслима" кыздар медресеси ачылганы белгилүү болду. Окуу жай 100гө чукул кыздарды тарбиялайт.