БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл март айында өлкө боюнча 862 өрт кырсыгы катталып (2015-жылы 711 болчу), былтыркыга салыштырмалуу 21,2 пайызга көбөйгөн.
Тилсиз жоо 60 миллион сомдук чыгым алып келген. Ал эми өрттөн 11 киши каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу үч кишиге аз.
Ошондой эле, өрттөн 77 киши жана 204 миллион сомдук түрдүү буюмдар куткарылган.
Өрттүн көбү электр жабдууларын колдонууда эрежени сактабагындыктан болгон.
Облустар боюнча алып караганда эң көп өрт Чүй облусунда — 250 учур катталган.
Ал эми борбор калаада 157 өрт катталып, андан алты киши каза болгон.