ИИМ патрулдук милиция эмнеге түркчө жазуусу бар күрмө кийгенин түшүндүрдү

© пресс-служба МВД КРИчки иштер министрлиги кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Ички иштер министрлиги кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдарак жаңы түзүлгөн патрулдук милициянын горнизондук жыйынында мотоцикл айдаган кызматкерлердин түркчө "Trafik polisi" (Жол кайгуул) жазуусу бар күрмө кийгени социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кайгуул милициясынын кызматкерлери эмне үчүн түркчө жазуусу бар күрмө кийгенинин себебин түшүнүдүрүп берди.

Бишкектин чок ортосундагы милициянын гарнизондук жыйыны — асмандан көрүү
Жаңы түзүлгөн патрулдук милициянын горнизондук жыйынында мотоцикл айдаган кызматкерлердин түркчө "Trafik polisi" (Жол кайгуул) жазуусу бар күрмө кийишкени социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. 

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Нур Сатыбалдиевдин билдиришинче мотоцикл айдагандарга атайын форма али жок болгондуктан жыйын учурунда Түркия тараптан белекке келген күрмөлөр кийилген.

1-апрелден тарта Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында Ички иштер министрлигинин алдындагы патрулдук милиция бөлүмү кызматка киришти. Ал эми калган облустарда 1-июндан тарта иштеп баштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0