Сариев: "Коопсуз шаар" долбоору дагы жарым жылга созулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВидеобайкоо камералары. Архив
Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга соттук териштирүүлөр себеп болууда. Аталган долбоорду ИИМден башка мекеме ишке ашырышы толук мүмкүн.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Соттук териштирүүлөрдөн улам "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы дагы жарым жылга создуктурулушу мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште өкмөттүк саатта билдирди.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ айдоочулардын эреже бузган сүрөттөрүн почта менен өздөрүнө жөнөтө баштады
"Коопсуз шаар" 2014-жылы демилгеленген. Биринчи тендердин жыйынтыгын жокко чыгарып, экинчиси дайындалган. Анда биринчи орунду "Стилсофт Бишкек" компаниясы ээлесе, экинчи орунду Dessa International S.R.L. (Молдова), ал эми үчүнчүнү Anteo worldwide (Швейцария) компаниялары алган. 

ИИМ тендерди утуп алган "Стилсофт Бишкек" компаниясы койгон талаптарга макул эместигин билдирип, сотко берген. Министр Мелис Турганбаев буга чейин тендер боюнча эки анжы ойдо калганын билдирип, кийинчерээк долбоорду ИИМ өз күчү менен ишке ашырарын айткан. 

"Соттук иштер аягына чыга элек. Азырынча колубуз байлануу турат, териштирүү дагы жарым жылга созулушу мүмкүн. Бир эмес, эки компания менен соттошуп жатабыз. Ушул маселелерден улам долбоор ишке ашпай жатат", — деди Сариев. 

Өкмөт башчы ИИМ ишке киришип, камераларды орното баштаганын белгиледи.

"Бирок бул долбоордун мааниси терең, ал видеокаттоо менен чектелбейт", — деди премьер-министр.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ пилоттук долбоор катары "Азамат" базарынын жанына камераларды орноткону маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0