23:50 08 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
9110

Парламентарий мүрзөгө бөлүнгөн жер 2000-жылдары 3000 сомдун тегерегинде болгондугун эске салды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында маркумдарды жайына коюу үчүн бериле турган жер тилкелери 25 миң сомдон сатылып жатат. Бул туурасында ЖКнын депутаты Жылдыз Мусабекова бүгүн парламентте айтты.

Эл өкүлү бул маселе Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн биринде бак кулап басып калып каза болгон кишини жерге берүүдө келип чыккандыгын белгилеген.

"Мусабекова Новопавловка айылында учурда маркумду көмүүгө жер 25 миң сомдон соодаланып жаткандыгын айтып, аны мурдагы баалар менен салыштырды. 2000-жылдары "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" жана "Ала-Тоо" конуштары жана Сокулуктун эли үчүн жер бөлүнүп, ал учурунда 3000 сом болгондугуна токтолду ", — деп билдирди парламенттин маалымат кызматы.

Бишкек шаары боюнча маалыматтарга таянсак, муниципалдык ишкананын расмий баасы — 7600 сом. Бирок, мүрзөгө барганда "орун жок", "жакшы орун таап беребиз" деген шылтоо менен баасы 10-15 миң сомго чыгып кетет.

Жеке ишкана сөөктү Чоң-Арык мүрзөсүнө — 21 миң сом, Ала-Арча мүрзөсүнө — 16 миң, Чыгыш мүрзөсүнө — 10 миң, ал эми Лебединовка мүрзөсүнө — 15 миң сомго жерге берет.


Тема боюнча

Бак басып калып, каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди
Мусабекова Жылдыз Аманбековна. Өмүр баян
Белгилер:
мүрзө, бак-дарак, депутат, Жогорку Кеңеш, Жылдыз Мусабекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ