Депутат Өмүрбекова: ЖКК жетекчиси Жанабаеваны убактылуу камоо туура эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алтынай Өмүрбекова. Архив
Депутат Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар ЖКК жетекчисин убактылуу камоого алып милиция кызматкерлеринин беделин түшүргөнчө, үй камагына алуу чечимин чыгаруу туура болмок дешет.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева өтө чечкиндүү айым, ал өз өмүрүн ишине арнап койгон. Бул тууралуу бүгүн парламентте ар кандай маселелерди талкуу учурунда депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди. 

Эске салсак, Жанабаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо боюнча кармалган. Жетекчи кол алдындагы кызматкерин арткы число менен бошотуп жиберген деп шектелүүдө. Ал Октябрь райондук прокурордун сунушу жана соттун чечими менен 20 күнгө, 17-апрелге чейин камакка алынган Ал эми дүйшөмбүгө караган түнү жүрөгү ооруп, ооруканалардын бирине тез жардам менен жеткирилген.

"Мындай адамды убактылуу кармоочу жайга камап коюуну мен такыр түшүнө албай жатам. Мүмкүн, Жанабаеванын окуяга кандайдыр бир тиешеси бардыр. Бирок, маалымат каражаттары документке колду Зумрад айым эмес анын орун басары койгондугун жазып жатышат. Учурда, ден соолугу начарлаган Жанабаева инфаркт алып ооруканада жатат. Эгер анын күнөөсү бар экени далилденбей калса, ден соолугун ким жакшыртып, ким жооп берет", — деди Өмүрбекова. 

Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков кесиптешинин пикирин колдоду.

"Зумрад Жанабаева эркектер жасабаган ишти жасады. Ал күнү-түнү иштеп, жумушка берилгендигин көрсөттү. Биз гендердик теңдик тууралуу айтканыбыз менен аны эске албай жатабыз. Негизи, убактылуу кармоочу жайга коомчулукка коркунуч жараткан адамдар камалат", — деп билдирди Субанбеков.

Ал ЖКК жетекчисин камоого алып милиция кызматкерлеринин беделин түшүргөнчө, үй камагына алуу чечимин чыгаруу туура болмок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0