Эсеп палатасы Улуттук университетте 12 млн. сомдук мыйзам бузууну аныктады

© Sputnik / Михаил РогожинЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Университеттин жетекчилиги аталган мыйзам бузуу мурунку ректордун убагында болгонунун белгиледи.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 12 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталганын Эсеп палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылы университет кызматкерлерге негизсиз 4,3 миллион сом эмгек акы төлөп келгени аныкталган. Мындан сырткары, туура эмес пайдаланылган каражаттын көлөмү 600 миң сомдон ашкан. 

Аскер билети үчүн 25 миң сом талап кылган комиссариаттын кызматкери кармалды
Муну менен бирге университеттин алдындагы Юридикалык, Экономика жана финансы, ошондой эле Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институттарында бардыгы болуп 7 миллион 900 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. 

Улуттук университеттин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдун Sputnik Кыргызстан агенттигине бул алешемдиктерди жаңы келген ректор Чынара Адамкулова жумушка киришип жатып окуу жайдын 2014-жылкы ишмердүүлүгүн текшерүүдө аныктаганын билдирди. Андан соң бул маалымат Эсеп палатасына билдирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0