Улуттук гвардия альтернативдик кызматтан түшкөн акчанын айрым бөлүгүнө ээ болот

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардияны материалдык-техникалык жактан камсыздоого багытталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-февралда кабыл алган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардия үчүн каражаттын бөлүнүшү каралган мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Москва шаарындагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскер делегациясы Москвага сапар алат
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган. 

Мыйзам алгачкы аскерий жыйындарда жана альтернативдик кызматта жүргөн жарандардан түшкөн төгүмдөрдүн суммасынын 10 пайызын атайын эсепке которуу жолу менен Улуттук гвардиянын материалдык-техникалык жактан камсыздоону арттырууну максаттайт. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0