Атамбаев Венгрияны Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андраш Барани
Президент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андраш Барани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстан менен Венгриянын көп окшоштуктары бар.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Венгрияны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды.

Бүгүн тогуз элчинин катарында Венгриянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андраш Барани да өзүнүн ишеним грамотасын өлкө башчыга тапшырды.

"Быйыл кыргыз-венгер мамилесинин өр алышын жана тышкы иштер министринин келишин күтөбүз. Ошондой эле, биздин төрага да Венгрияга барат. Бул өлкөнүн жетекчилигин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көргүбүз келет. Качандыр бир кезде венгерлер да көчмөн болушкан. Биздин көп окшош жактарыбыз бар. Венгриянын расмий жетекчилигин жана спортчуларын бул оюнда көргүбүз келет", — деди Атамбаев.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтөт. Ага улуттук спорттун 25 түрү камтылган. Жалпысынан 40ка жакын команданын келиши күтүлүүдө. Бул оюн үчүн Ысык-Көлдө жаңы ат майдан салынып, жолдор оңдолууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0