Кайыпов Бишкек — Нарын — Торугарт автожолун курууда алешемдиктер бар экенин айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун курулушу боюнча жыйын өткөрдү.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек — Нарын — Торугарт автожолун курууда айрым компаниялар келишимде көрсөтүлгөн милдеттерин так аткарбай жатканын жана жолдун курулушу боюнча жалпы координациялык иш жок экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Нарында "Жер-Үй" кенинин акчасына мектептин пайдубалы түптөлдү
Жыйынга транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси Эркин Жумалиев, "Тим интернейшнл" компаниясынын өкүлү, консультант Хайдар Хусейин, "Копри Сино-Хидро" Кытай-Кувейт компаниясынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.

Ал райондорго барып эл менен жолугушуу учурунда жол курулушу боюнча бир нече маселени көтөрүп жатышканын белгиледи.

"Кур-Терек участогунда суу түтүктөрүн орнотуу үчүн макулдашылбаган жерлерди казып салышкан. Ал эми кээ бир карьерлерди тиешелүү уруксат кагаздары жок казууда. "Максат" ЖЧКсы тарабынан электр линиялары тартылып, келишим боюнча Эмгекчил айылынын тургундарына калтырылмак экен. Жакында ал ЖЧК долбоор бүтөөрү менен электр чубалгыларын жыйнап кетебиз деп кат жазып жиберишиптир. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда. Жергиликтүү бийлик катары аймагыбызда болуп жаткан көрүнүштөргө убагында көңүл бурушубуз керек", — деди ал.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддын мэри таза суу жана жол боюнча президентке отчет берди
Кайыпов ошондой эле, былтыркы жылы бир нече көтөрмө ишкананын бирөөсү гана ишин толук аткарса, калгандары ишин сапатсыз жасаганын айтты. 

Өкмөттүн облустагы өкүлү жыйын бир жумадан кийин кайрадан улантылаарын айтып, тийиштүү мекеме жетекчилери менен чогуу аталган жолдун 272-365 чакырымындагы (Долон — Кызыл-Бел) көйгөйлөрдү жеринде көрүп, чечүү жолдорун талкуулашарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0