Бүгүн мамлекеттик ипотека Токмок шаарынын тургунуна берилет

Жазылуу
Талап боюнча алына турган батирдин аянты 70 чарчы метрден, ал эми жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашпашы керек.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бүгүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында Токмок шаарында биринчи жолу ипотекалык насыя бериле турганын Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 2 млрд. сом ипотекалык насыяны трансформациялады
Маалыматка ылайык, биринчи болуп насыя Бакеев деген Токмок аймактык оорукананын дарыгери алмай болду. 

Каражат өнөктөш банктар аркылуу 15 жылдык мөөнөт менен берилет. Насыянын үстөгү 12-14 пайызды түзөт. Ипотеканы 21 жаштан 65 жашка чейин жарандар алып, күрөөгө жаңы сатып алынган турак жай коюлат. Ал милдеттүү түрдө камсыздандырылышы шарт. 

Талап боюнча алына турган батирдин аянты 70 чарчы метрден, ал эми жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашпашы керек.

Мындан беш күн мурун Мамлекеттик ипотекалык компания Ош жана Жалал-Абад облус тургундарына биринчи жолу насыя берди.

Турак үйдү сатып алуунун шарттары, эсептешүү мөөнөтү, үстөк пайызы жана максималдуу аянты туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0