Бак басып калып, каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жаңы конуштарынын биринде унаасына бак кулап каза болгон Алтынбек аттуу жарандын сөөгү жерге берилди.
Бишкектин жаңы конуштарынын биринде унаасына бак кулап каза болгон Алтынбек аттуу жарандын сөөгү жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун артында төрт баласы калды. Жекшемби күнү унаасына бак кулап, ал ошол жерден каза болгон.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектин жаңы конуштарынын биринде унаасына бак кулап каза болгон Алтынбек аттуу жарандын сөөгү жерге берилди.

Бишкекте адам өмүрүн алган бактын кулашы видеокамерага тартылып калган
Кырсык 27-мартта саат 19.05тер чамасында Турусбеков көчөсүндө (Пушкин менен кесилишкен жерде) болгон. Бак токтоп турган Toyota Camry машинасын жана көчөдөн өтүп бараткан Toyota Estima автоунаасын басып калып, 37 жаштагы айдоочу каза болду. Токтоп турган автоунаанын ичинде киши болгон эмес. 

Ак-Өргө жаңы конушунда жашаган Алтынбектин артында жубайы менен төрт баласы калды.

Учурда мэрия окуяны өз ара териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0