Бостериликтер заманбап жол салынса, Раппопорт багынын алынышына каршы эмес

© Фото / Александр ФедоровБостериликтер заманбап жол салынса, Раппопорт багынын алынышына каршы эмес
Бостериликтер заманбап жол салынса, Раппопорт багынын алынышына каршы эмес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Раппорт аллеясындагы бактардын кыйылышына каршы коомчулукта бир катар ой-пикирлер айтылып келет.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бостери айылынын тургундары Роппопорт багынын алынышына каршы эмес. Ошол эле учурда жаңы заманбап жолдун салынышын колдойт. Бул тууралуу Ысык-Көл районуну акими Раимбек Имангазиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Жетекчи бүгүн митингге чыккан Бостери айылынын тургундарынын талаптары бар экенин айтты. Алардын ичинде айылдарды аралап өткөн жолдордун эрте бүтүшү жана заманбап жол салына турган болсо Раппопорт аллеясындагы бактардын алынышы бар.

"Эл айылдарды аралап өткөн жолдордун эрте бүтүшүн талап кылууда. Себеби, аталган жолдун салынар-салынбасы арсар деген сөздөр айтылууда. Ал эми жолду салып жаткан компания эл менен жолугуп, жолду 1-августка чейин бүткөрөбүз деп сөз беришти", — деди ал.

Раппопорт аллеясы: шуулдаган теректи коштогон чуулдаган пикирлер
Имангазиев ошондой эле эл аралык стандарттагы жол курула турган болсо Раппопорт аллеясындагы бактардын алынышына жергиликтүү тургундар каршы эместигин айтты. Себеби, аллеядагы бактардын алды 85 жылдан бери турат. Айрымдары кургап четинен кулаган учурлар да бар экенин кошумчалады.

Бостери айылдык кеңештин депутаты Чынара Молдошова адам баласы деле 80ге чыкканда картаярын, андыктан аллея жол кыймылына тоскоолдук кылып, адам өмүрүнө коркунуч туудурса кыйылышы керектигин айтат.

Жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты Карыпбек Койгелдиев Раппопорт аллеясында кышында көлөкө болгондуктан жол тайгак болуп, бир катар жол кырсыктары болорун белгиледи. 

"Негизи бул убагында жакшы салынган аллея болчу. Анда кинолор да тартылды. Бактардын деле жашоо мөөнөтү аяктады. Канчалык өкүнсөк деле кишилердин коопсуздугу, алардын өмүрү биринчи орунда турушу керек", — деди ал.

Койгелдиев шамал болгондо куураган бактар жолго түшөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0