Дастан Сарыгулов үй камагына алынды

© Фото / Влад УшаковКоомдук ишмер Дастан Сарыгулов. Архив
Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук ишмер буга чейин УКМКга сүйлөшүү үчүн алынып келген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин УКМК Сарыгулов "оппозициянын өкүлдөрүнө козголгон кылмыш ишинин" алкагында УКМКга алынып келгенин маалымдаган. 

Диктофон жана наушник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дастан Сарыгулов "оппозициянын бийлик бөлүшкөн" аудиосу тууралуу айтып берди
26-мартта YouTube каналына чыккан аудиодо Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Тургун Нурматов жана Камчы делген кишилер министрликтер менен ведомствону бөлүштүрүп жатканы талкууланат. Ошондой эле алардын сүйлөшүүсү учурунда Ыргалай деген ысым да аталат.

Сарыгулов Кылмыш жаза кодексинин 295-беренеси ("Бийликти күчкө салып тартып алууга же бийликти күч менен кармап турууга даярдоо") беренелери боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, буга чейин оппозиция өкүлдөрү — Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалып, 12-майга чейин камакка алынган болчу. Ал эми Дуулатбек Турдуналиев издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0