Авиакырсыктан каза болгон Насирдинованын туугандары Бишкекке кайтышты

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМемориал в аэропорту Ростова-на-Дону, посвященный погибшим при крушении пассажирского самолета Boeing-737-800. Архивное фото
Мемориал в аэропорту Ростова-на-Дону, посвященный погибшим при крушении пассажирского самолета Boeing-737-800. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинованын сөөгүн таануу үчүн Ростов-на-Дону шаарына анын агасы жана атасынын иниси учуп келген болчу.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы аэропорттогу авиакырсыктан каза болгон кыргызстандык Жылдыз Насирдинованын туугандары Кыргызстанга кайтты. Бул тууралуу "Кыргызстан — үй" Ростов шаардык кыргыз улуттук маданий автономиясынын президенти Курманбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ростов-на-Донуда болгон авиакырсыктын калдыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ростов-на-Донудагы авиакырсыктын себеби учкучтардын чатагына байланыштуу болушу ыктымал
19-мартта Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон. Анын арасында 1988-жылы туулган КР жараны Жылдыз Насирдинова да болгон.

Кыргызстандык жарандын сөөгүн таануу үчүн Ростов-на-Дону шаарына анын агасы жана атасынын иниси учуп келген болчу.

Абдылдаевдин айтымында, Насирдинованын жакындары 25-апрелде Бишкекке кайтты.

"ДНКнын анализдери эң аз дегенде эки жумадан кийин чыкмак. Андыктан аны бул жактан күтүп отура бербей Кыргызстанга кайтууну чечишти. Алар Fly Dubai компаниясынын расмий өкүлдөрү менен байланышта болушат", — деди ал.

Учурда атайын комиссия авиакырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат. Ошондой эле каза болгондордун жакындарына тийиштүү жөлөк пул төлөнүп берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0