Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен Бишкек окуучулары мыкты болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мектеп окуучусу. Архив
Бишкектин мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалык эсепте экинчи орунду Көлдүн окуучулары ээлесе, баткендиктер үчүнчү орунга жетишти.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйлаганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Гезитте жумуш карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылбаган ректорлор иштен кетеби?
Маалыматка ылайык, олимпиаданын IV этабынын жыйынтыгы менен командалык эсепте биринчи орунду Бишкек шаарынын окуучулары ээлесе, экинчи орунга Ысык-Көл, ал эми үчүнчү орунга Баткен облусунун окуучулары ээ болушту. 

Жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор, ал эми 4-орунду ээлегендерге ардак грамоталар тапшырылды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-26-март күндөрү республикалык олимпиаданын IV этабы өттү. Анда математика, информатика, физика, биология, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, география жана химия боюнча мыкты окуучулар аныкталды. 

Министрлик аталган иш-чараны өткөрүүгө бир катар жогорку окуу жайлар көмөктөшкөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0