Жүздөгөн студент Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде 5 миң көчөт тикти

© Айгерим ТургунбаеваБорбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарында көчөт отургузушту.
Борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарында көчөт отургузушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тигилген көчөттөр Барскоон, Ош жана көлдүн аймагынан алынган. Алар 5-7 жылдан кийин түшүм бере баштайт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарынан алыс эмес 30 гектар аянттын 8 гектарына 5 миң түп мөмө-жемиш көчөтү отургузушту. Бул тууралуу "Алма" агрардык журналынын редактору Айгерим Тургунбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы агрардык окуу жайда окуган студенттер менен демилгелүү топтун 100гө жакын өкүлү келип, багбанчылык боюнча теориялык билимин тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.

© Айгерим ТургунбаеваБорбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарынан алыс эмес 30 гектар жерге 15 миң түп мөмө-жемиш көчөтү отургузушту.
1/3
Борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарынан алыс эмес 30 гектар жерге 15 миң түп мөмө-жемиш көчөтү отургузушту.
© Айгерим ТургунбаеваБорбор калаадагы агрардык окуу жайда окуган студенттер менен демилгелүү топтун 100гө жакын өкүлү келди.
2/3
Борбор калаадагы агрардык окуу жайда окуган студенттер менен демилгелүү топтун 100гө жакын өкүлү келди.
© Айгерим Тургунбаева30 гектар жердеги мөмө-жемиш бактары тамчылатуу ыкмасы менен сугарылат.
3/3
30 гектар жердеги мөмө-жемиш бактары тамчылатуу ыкмасы менен сугарылат.
1/3
Борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери Балыкчы шаарынан алыс эмес 30 гектар жерге 15 миң түп мөмө-жемиш көчөтү отургузушту.
2/3
Борбор калаадагы агрардык окуу жайда окуган студенттер менен демилгелүү топтун 100гө жакын өкүлү келди.
3/3
30 гектар жердеги мөмө-жемиш бактары тамчылатуу ыкмасы менен сугарылат.

"Сегиз гектар жерге алма, өрүк, алчанын көчөттөрү отургузулду. Көчөттөр Барскоон, Ош жана көлдүн аймагынан алынды. Алар 5-7 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Бул убакытка чейин азыркы студенттер агротармагында өзүнүн ордун тапкан ишкерлерден болуп калат", — деди ал.

Тургунбаева бул жердеги мөмө-жемиш бактары тамчылатуу ыкмасы менен сугарыларын айтып, апта аягында бак тигүүгө башка студенттер бара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0