Саат 17:00гө Ош шаардык кеңешке болгон шайлоодо 54 миң 341 шайлоочу келди

© Тимур АлгожоевБалыкчы шаарында добуш берип жаткан жарандар
Балыкчы шаарында добуш берип жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык кеңеште 13 партия ат салышып, 73 шайлоо участогунда эл добуш берүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаардык кеңешке болгон шайлоодо саат 17:00го карата калаанын 54 миң 341 тургуну добушу берди. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 46 пайызын түзөт. 

Шаардык кеңешке 13 саясий партия ат салышып жатат. Учурда мыйзам бузуулар каттала элек. Шайлоо тынч өтүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл аймактарында өтүүдө. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миңден ашык жаран добуш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0