Майлуу-Суудагы 1 шайлоо участогунда бардык жабдуулар иштен чыкты – байкоочу

© Эсен ШишкараевШайлоо участогунан чыгып жаткан жарандар
Шайлоо участогунан чыгып жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар шайлоо участогунда автоматтык урналар маал-маалы менен бузулуп, шайлоочулардын кезекке туруусун жаратып жатканын "Таза Шайлоо" ассоциациясынан байкоочу Эдир Бова билдирди.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарындагы шайлоо участогунун биринде иштеп жаткан жабдуулар иштеп чыкканын, ал азырынча оңдоло электигин "Таза Шайлоо" ассоциациясынан байкоочу Эдир Бова билдирди.

Анын айтымында, айрым шайлоо участокторунда автоматтык урналар, паспортторду текшере турчу жабдуулар маал-маалы менен бузулуп жатат.

"Мындай оңтойсуздуктан улам Ош шаарындагы үч шайлоо участогунда шайлоо кеч башталып, кишилер кезек күтүп калышты. Жабдуулар иштебей калганда адистер чакырылууда, бирок, системаны кайтадан иштетүү үчүн 50 мүнөттөй убакыт кетип жатат", — деди ал.

Шайлоо-2016: Токмоктуктар активдүүлүгүн көрсөтсө, Балыкчыда шайлоого келгендер аз
Бова ошондой эле, түшкө чейин Ош жана Токмок шаарында шайлоочулардын активдүүлүгү байкалган.

Ош шаарында жалпы шайлоочулардын саны 117 миңден ашык болсо, Токмокто 26 миңден ашат.

Бүгүн Кыргызстанда алты шаарда (Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу) жана 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0