Футболчуларды колдоо үчүн кыргызстандык ырчы-чоорчулар Душанбеге барышат

Жазылуу
Футболчулардын маанайы мыкты экенин, жеңишке жетебиз деп турушканын Эрмек Нурбаев белгиледи.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Белгилүү телеалып баруучу Эрмек Нурбаев жана ырчы Омар Кыргызстандын курама командасын колдоо үчүн Душанбе шаарына барышат. Бул тууралуу Нурбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары Дүйнө чемпионатына катышпай калды
Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары 2018-жылы боло турчу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында 29-мартта Душанбе шаарында өтөт. Бул КР футболчуларынын квалификациялык турдагы акыркы оюндары. Буга чейин күйөрман Алмазбеков автостоп менен Душанбе шаарына кеткен.

Нурбаев футболчулар менен биргеликте учурда аэропортто учакты күтүп жатканын айтты.

"Футболчулардын маанайы мыкты. Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев азыр биз менен сүйлөшүп отурат. Айрымдары музыка угушууда. Биз алар менен биргеликте өзүбүздү футбол кураманын бир бөлүгү катары сезип жатабыз", — дейт Нурбаев.

Ал ошондой эле, Омар менен бирге Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын күйөрманы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0