21:39 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9133
  • RUB1.1560
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Үңкүр-Тоонун айланасындагы чуу (13)
152 0 0

Үңкүр-Тоо маселеси эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланган жок.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасына аскер техникасы менен жоокерлерин Нооруз майрамына карата коопсуздук чараларын күчөтүү максатында жайгаштырганын дагы бир ирет кайталады. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттарына таянуу менен айрым маалымат каражаттарында жана Интернет айдыңында "Кербен" мунарасын башка жакка көчүрүп, станция жайгашкан Үңкүр-Тоо Өзбекстандын карамагына өтөт деген маалымат тарап кеткен.

Өкмөт станцияны көчүрбөй турганын, аталган аймакты Өзбекстанга бербей турганын билдирген. Муну менен бирге министрлер кабинети Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү боюнча эч кандай токтом чыгарбаганын белгилеген.

"Чек арадагы кырдаалдын себептери боюнча божомолдор ар кыл. Анын бири Нооруз майрамына байланыштуу. Майрам аяктагандан кийин өзбек тарап техникасы менен аскерлерин алып чыгып кетти", — деди Искандаров.

Анын айтымында, Үңкүр-Тоо маселеси эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланган эмес.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын демилгеси менен болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Чала-Сарт аймагынан 18-марттан бери турган Өзбекстандын аскер техникасы менен жоокерлери чыгарылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын келип чыгуусун жана башка күңгөй-тескейин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Тема:
Үңкүр-Тоонун айланасындагы чуу (13)

Тема боюнча

Асанов: Өзбекстан Аксы, Ала-Букадагы чек арадан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти
Искандаров: Кыргызстан бирөөнүн жерине көз артпайт, өзүнүкүн да эч кимге бербейт
Белгилер:
станция, Кыргызстан, Өзбекстан, Үңкүр-Тоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ