Өкмөт: Өзбекстан техникасы менен аскерин эч кандай шарт койбой эле алып чыкты

© SputnikӨзбек чек арачылары бошоткон Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагы.
Өзбек чек арачылары бошоткон Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы Чаласарт такталбаган аймагы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган аймагында 18-мартында Өзбекстандын аскер техникасы менен жоокерлери жайгаштырылган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандын өзбек тараптын чек арадан аскер техникасы менен жоокерлерин алып кетүүсүнүн ордуна эч нерсе убадалаган жок. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйында билдирди.

Кечээ, 25-мартта өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы мамлекеттик чек аранын такталбаган жеринен аскер техникасы менен жоокерлерин алып чыгып кетти.

"Кыргыз тарап эч нерсе убада кылбайт жана кылган да эмес. Биз маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуштадык. Менимче, бул туура чечим, аны өзбек тарап да колдойт", — деди Искандаров.

Ал кыргыздар менен өзбектер илгертен коңшу болуп, туугандык байланышы бар экенин белгилеп, ары-бери эркин жүрүүгө шарт түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: чек арадагы кырдаал менен Үңкүр-Тоо маселесинин байланышы жок
Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн. 

Чек ара зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасында курал менен согушкерлер ташылышы мүмкүн делген туннель табылды
Эртеси Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Кечээ, 25-март күнү Өзбекстандын демилгеси менен эки өлкөнүн Чек ара кызмат жетекчилери жолугуп, анын натыйжасында өзбек тарап аймактан аскер техникасы менен жоокерлерин алып кетти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын келип чыгуусун жана башка күңгөй-тескейин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0