Депутаттар көл жээгинде билим берүү маселесин талкуулашат

Жазылуу
Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен комитет өкмөткө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бермекчи.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактын комитети 4-5-апрелде Ысык-Көл районунда көчмө жыйында билим берүү маселеси, окуу китептеринин сапаты, мектепке чейинки даярдык маселелери талкууланат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Лондон шаарындагы Биг Бен сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаттары Лондондо кыргызстандык студенттер менен жолукту
4-апрелде депутаттар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун бир катар жалпы билим берүүчү уюмдарында болот. Балдарды мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашыруу жана жалпы билим берүүчү уюмдарды окуу китептери менен камсыз кылуу менен таанышат.

Жыйналыштын ишинин жыйынтыгы боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети чечим кабыл алынат. Анда өкмөткө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0