Билим берүү министрлиги 14 жогорку окуу жайдагы айрым адистиктерди жапты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив
Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим негизинен абитуриенттер толбогон адистиктерге тийиштүү болду.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы 14 жогорку окуу жайдагы (биринчи курска кабыл алууга укугун чектөө) айрым адистиктерди жана программаларды жабуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу билим берүү министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Окуучулар арасында республикалык олимпиада башталды
Жалпысынан жогорку окуу жайлардагы 65 программа жабылат. Андан сырткары, кесиптик окуу жайдагы үч адистикти жабуу чечими кабыл алынган. 

Сариева мында абитуриенттер толбой калган адистиктер менен план аткарылбай калган программалар жабылганын белгилеген.

Азырынча мындай чечим кайсы жогорку окуу жайлардагы адистиктерге тийиштүү экени так айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0