УОКтун мурдагы жетекчиси Мурат Саралиновдун эстелиги Ала-Арча көрүстөнүндө ачылды

© Фото / пресс-служба НОКУлуттук Олимпиада комитетинин мурунку төрагасы Мурат Саралинов. Архив
Улуттук Олимпиада комитетинин мурунку төрагасы Мурат Саралинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саралинов 2015-жылы 13-мартта Ысык-Көлдө жүрүп, жүрөгү кармап каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Улуттук Олимпиада комитетинин мурунку төрагасы Мурат Саралиновдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы Кыргызстанды кайгыртып, дүйнө салган атактуу инсандар
Саралинов көзү тирүү болсо быйыл 55 жашка чыкмак. Ал комитетти жетектөөгө 2006-жылы шайланып, аны 2015-жылга чейин башкарып келген.

Муну менен катар 2013-2014-жылдары Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилик кызматын аркалаган.

Саралинов 2015-жылы 13-мартта Ысык-Көлдө жүрүп, жүрөгү кармап каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0