Бишкектин ЖКК кызматынын башчысы Жанабаева жөнүндө 5 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек Жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаева. Архив
Бишкек Жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атагы алыска кеткен адамдардын небереси жана шаардык автоинспекциянын эки тизгин, бир чылбырын колуна алган алгачкы айым. Мындан тышкары, анын убагында бир катар демилгелер көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Зумрад Жанабаева кандай иштери менен эсте калганын Sputnik Кыргызстан редакциясы эстеп көрдү. 

Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева бейшемби күнү кечинде прокуратура кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана документтерди жасалмалоого шектелип кармалды.

Учурда ал Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 

Жанабаева 1968-жылы 12-октябрда Бишкекте төрөлүп, 2014-жылдан тарта Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматын жетектеп келе жатат. Ал тууралуу беш фактыны төмөндө окуңуз.

Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысынын милдетин Молдогазиев аткарат
1. Ал элге аттын кашкасындай таанымал адамдардын небереси. Атасы — СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов. Апасы — КР Эл артисти, КР Баатыры Сабира Күмүшалиева.

2. Жанабаева — шаардык автоинспекцияны башкарууга дайындалган биринчи айым.

3. Анын убагында Бишкектин көчөлөрүндөгү жол кыймылынын схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Киев менен Бөкөнбаев көчөлөрү бир тараптуу болду.

4. Жанабаева шаардын "жүгүн жеңилдетүүнү" демилгелеген. Ага ылайык, шаар коноктору унаасын борбордун чет-жакасына токтотуп, Бишкектин ичинде коомдук унаа менен жүрүүсү сунушталган. Бирок кийинчерээк Жол кайгуул кызматы жетекчинин сөзү бузулуп калганын билдирген. Көрсө, Жанабаева жүк ташуучу унааларды киргизүү-чыгаруу тартибин бекитүү үчүн калкты сурамжылоону сунуштаптыр.

5. Мажбурлап эвакуациялоо Жанабаеванын маалында жеке колго өттү. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө 10-апрелде Бишкектин Жол кайгуул кызматы тийиштүү келишимди ал түзүлгөн күндөн бир күн мурда негизделген компания менен макулдашкан. Буга карабастан, Жол кайгуул кызматкерлери аталган компанияны мажбурлап эвакуациялоого пайдаланып келишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0