Кочкордо табылган байыркы шаардын орду жок болуп кетет деп тургундар тынчсызданууда

© Кайырбек КоңурбаевКочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаары.
Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы тарыхый деп саналган жерлерди сактап калуу үчүн каражат тартыштыгын белгилейт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаардын орду учурда мыйзамсыз казылып, курулуштун кыштары тонолуп жатканын тарыхчы Кайырбек Коңурбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аталган аймакты сактап калуу боюнча кат жазганы менен эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес.

© Кайырбек КоңурбаевКочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаардын орду учурда мыйзамсыз казылып атат.
1/2
Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаардын орду учурда мыйзамсыз казылып атат.
© Кайырбек КоңурбаевКурулуштун кыштары тонолуп жатат
2/2
Курулуштун кыштары тонолуп жатат
1/2
Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган байыркы шаардын орду учурда мыйзамсыз казылып атат.
2/2
Курулуштун кыштары тонолуп жатат

"Айыл өкмөтүнө, райондук администрацияга, губернаторго кат жазып атып, тилим да, таманым да тешилди. Бирок алгылыктуу аракеттер жасалган жок", — дейт ал.

Көлдүк мамонтту изилдөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташбаева: "көлдүк мамонт" илимге жаңылык киргизет деп ишенебиз
Коңурбаев ошондой эле Кум —Дөбө айылына жакын жерден байыркы шаардын калдыгы табылганын, ал аймакты тургундарга үлүшкө берүү аракетине каршы чыгып, бердирбей койгонун айтты. Байыркы шаар 8-10-кылымдарга таандык экенин ал кошумчалады.

Кум-Бел айылынын башчысы Садыбакас Убалиев табылган жайлардын тонолуп жатканы боюнча маалыматы жок экенин айтып, аларды кайтартууга жергиликтүү бюджетте каражат жок экенин айтат.

"Көк-Таштагы эски күмбөздү тоноп кеткени боюнча маалыматым жок. Ал талаада жайгашкан аны кайтарганга каражат да жок. Ал эми Кум-Дөбөдөгү 18 гектар айдоо жери тарыхый жер болуп чыккандыктан, үлүшкө берилген жок. Ал жерди кайтарганга деле мүмкүнчүлүк жок", — дейт ал.

Маданият маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев Кочкордо табылган тарыхый жерлерди сактап калуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтат.

"Кочкор районунда байыркы жана орто кылмыдарга таандык тарыхый маданий мурастар көп жайгашкан. 21 объект республикалык тизмеге кирген. Анын 19у археологиялык эстелик болуп эсептелет", — дейт Жолдошев.

Ал жергиликтүү тургундар арасында археологиялык эстеликтерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилейт.

Ал ошондой эле Көк-Таш аймагындагы байыркы курулуштун калдыгы СССР маалында малга тоют сактоо жайын казуу учурунда табылганын кошумчалады. 2010-жылы археологиялык казуу иштери үстүртөн жүргүзүлгөн. Ал жердеги курулуш жакшы сакталгандыктан илимий казуу иштерин жүргүзүүгө болот.

"Учурда аталган жерде туризмди өнүктүрүү үчүн ачык асман алдындагы музей катары уюштуруу максатында иш чараларды аткарып жатабыз. Бирок, бардык иштер каражат маселесине барып такалат. Андыктан биз аны демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырууну караштырып жатабыз", — дейт ал.

Жолдошев тарыхый маанилүү жайларды сактап калуу Министрлик тарабынан көзөмөлдө турарын, ал үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө, Кочкор райондук администрациясына, айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңешке кат жөнөтүлгөнүн айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0