Бишкек Жол кайгуул кызматынын башчысы Жанабаева эмнеге кармалганы белгилүү болду

© пресс-служба ДПС ГУВД БишкекаБишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив
Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата былтыр декабрь айында кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева кол алдындагы инспекторду арткы число менен жумуштан четтеткени үчүн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Милиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик жарандарды барымтага алып, акча талап кылган милиционерлер кармалды
Эскерте кетсек, Жанабаева бүгүн эртең менен кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айында Жол кайгуул кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Аталган инспектор Жанабаеванын буйругу менен 2015-жылдын 6-ноябрында кызматтан алынган. Бирок текшерүү учурунда журналда инспектор 6-7-ноябрда табелдик курал алып, кезметке чыкканы белгилүү болгон.

Бишкек ЖКК жетекчиси Зумрад Жанабаева тууралуу беш фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0