Ысык-Атадагы үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча ишти министр Турганбаев өз көзөмөлүнө алды

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ үйлөрдүн биринен үч аялдын сөөгү табылып, алар 64 жаштагы үйдүн кожейкеси, анын 24 жаштагы кош бойлуу кызы жана 56 жаштагы сиңдиси экени аныкталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ысык-Атанын Киргшелк айылында үч аялдын өлтүрүлүшүн иликтөөнү ИИМ башчысы Мелис Турганбаев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ үйлөрдүн биринен үч аялдын сөөгү табылып, алар 64 жаштагы үйдүн кожейкеси, анын 24 жаштагы кош бойлуу кызы жана 56 жаштагы сиңдиси экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, бул боюнча кечээ Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2 бөлүгү (Эки же андан көп адамды өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, өлтүрүүнүн бир нече версиясы иштелип чыгууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0