Республикалык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жазылуу
Буга чейин республикалык сынактын мыктылары Малайзия, Сауд Аравияда өтө турган дүйнөлүк Куран жарышына барары айтылган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Куран окуу боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, Курандын 30 парасы боюнча баш байгени Чүй облусунан келген Мухаммадали Умаров, 20 парасы боюнча Аятулла Умаров жана 10 парасы боюнча Ысык-Көлдөн келген Жумабек уулу Адиятулло ээледи.

"Финалдын жеңүүчүлөрүнө үч орун берилди. Куран жарышы жети дубан жана эки шаардан келген кыздар жана балдар арасында өткөрүлдү. Сынакты уюштуруу иштерине Ихсан Хойрия кайрымдуулук фонду жардам көрсөттү", — деди Абдулло ибн Аббас медресесинин мүдүрү Асылбек Таштемиров.

Республикалык Куран конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар 28-мартта ыйгарылат. Буга чейин республикалык сынактын мыктылары Малайзия, Сауд Аравияда өтө турган дүйнөлүк Куран жарышына барары айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0