Студенттер үчүн Аксы окуясы менен эки революциянын тарыхы түшүндүрүлөт

Жазылуу
Иш-чара 7-апрелге чейин уланып, "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген теманын алдында өтмөкчү.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Тарых жана маданият жылына карата республиканын бардык жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин студенттери үчүн үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан 7-апрелине чейин "Бир оор жолдун үч ашуусу" аттуу илимий-практикалык конференциялар өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иштерман, үзүлгөн үмүт жана уютку. Аксы окуясы 9 жашар баланын көзү менен
Маалыматка ылайык, мында 2002-жылдын 17-мартындагы, 2005-жылдын 25-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар тууралуу талкуу жүрөт. 

Иш-чаранын алгачкысы бүгүн, 24-мартта, Ош мамлекеттик университетинде өтүп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Ош шаарынын мугалимдери жана студенттери катышты. 

Мындан тышкары, 24-марттан 7-апрелге чейин республиканын жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары үчүн аталган темада темасында бирдиктүү класстык саат өткөрүлө турганы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0