Шабдан баатыр көчөсүндөгү сквер 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквер проекти. Архив
Бишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквер проекти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы аянты бир гектарга жете турган сквердин долбоору менен таанышып чыкты.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналган жаңы сквер пайда болорун мэрия билдирди.

Курманбек жана Феликс — революциянын эгиздери
Бейшемби күнү шаар башчысы Албек Ибраимов долбоор менен Алмазбек Атамбаевди тааныштырды. 

Эскиздик долбоор боюнча аталган скверге фонтандар, отургучтар орнотулуп, бак жана гүлдөр отургузулат.

Эс алуучу жайдын жалпы аянты 0,9 гектарды түзмөкчү. Учурда бул жерде көчөт базар жайгашкан. Бак отургузуу убактысы өткөндөн кийин базар Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагына көчүрүлөт.

Сквердин курулушуна каражат президенттин фондусунан бөлүнөт. Азырынча болжолдуу наркы 7 миллион сомду түзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0