Нарындыктар кургак учукка каршы иш-чара өткөрүштү

© пресс-служба представительства правительства в Нарынской областиНарында өткөн кургак учукка каршы иш-чаранын катышуучулары
Нарында өткөн кургак учукка каршы иш-чаранын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева акциянын катышуучуларына каалоо-тилектерин айтып, коомчулукту таза жашоо образына үндөдү.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлгөнүн өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Сотрудницы больницы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Онкологиялык оорулууларга акысыз кызмат көрсөтүүгө чектөө киргизилет
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары мыкты чакырык, мыкты плакат сынактарына жана веложүрүшкө катышты. Ал эми студенттер жана мекеме кызматкерлери аялдар, эркектер бир чакырым аралыкка жарышып чуркашты. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева акциянын катышуучуларына каалоо-тилектерин айтып, коомчулукту таза жашоо образына үндөдү.

Ал эми уюштурулган сынак жана мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Кызыл жарым ай коомунун демөөрчүлүгү менен даярдалган баалуу белектер тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0