Чек ара кызматы: Чаласарт аймагында өзбек техникасынын кыймылы байкалган жок

Жазылуу
Буга чейин аталган аймакта өзбек жоокерлери менен аскер техникасынын саны көбөйүп кетти деген имиштер тарап кеткен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган Чаласарт аймагында өзбек аскер техникасы менен жоокерлеринин кыймылы байкалган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта эки тараптан сегизден аскер турат. Эч кандай инженердик курулуштар жайгаштырылган эмес. 

"Ушу тапта Чаласартка бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип, чек арада турган кыргыз жоокерлерине моралдык колдоо көрсөтүшүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган аймагында абал туруктуу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0