Атамбаев: эгер аба бизге Ташкент аркылуу өтсө, аны деле жаап салышмак экен

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушуусунда
Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Үңкүр-Тоонун Өзбекстандын карамагына өттү деген маалымат жалган экенин белгиледи.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эгер аба Ташкент аркылуу келсе, аны деле газ же свет сыяктуу жаап салышмак экен. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарына таянуу менен Аксыдагы телемунара көчүрүлүп, ал жайгашкан Үңкүр-Тоо өзбектерге берилерин жазып чыгышкан. 

Бейшемби күнү өлкө башчы Үңкүр-Тоо аймагы Өзбекстандын карамагына өтөт деген маалымат жалган экенин айтты. Мунун менен бирге Атамбаев өкмөттүн кошумча станция куруу боюнча чечимине оң баа берди.

"Бул талаш аймак, андыктан өкмөт туура чечим кабыл алган. Анын бир катачылыгы — жергиликтүү кеңештин депутаттарына кырдаалды жөндөп түшүндүрүп бербегенинде. Өзбекстандын реакциясын көрүп жатпайбызбы. Аскер техникасын жайгаштырды, свет менен газды өчүрө беришчү. Элибиз эгер аба бизге Ташкент аркылуу өтсө, аны деле жаап салышмак экен деп айтып жатат. Коңшуларга мындай мамиле жасабаш керек. Анын үстүнө кыргыздар тизелеп, күч көрсөтсө коркуп калчу эл эмес", — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Ташкент аркылуу өткөн аба жана чек арадагы кырдаал — Атамбаевдин пикири
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн. 

Кечээ, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0