Бишкекте ЖК имаратынын алдында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам митинг өтүүдө

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкекте ЖК имаратынын алдында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам өтүп жаткан митинг
Бишкекте ЖК имаратынын алдында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам өтүп жаткан митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга бир жумадан бери коңшу мамлекеттин аскер техникасы турган кыргыз-өзбек чек арасындагы абалга нааразы болгондор чыкты.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Кырк чоро" кыймылы тарабынан уюштурулган митинг өтүп жатканын бирикменин мүчөсү Замир Көчөрбаев билдирди.

Телефон менен байланышуу учурунда ал митингге кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чыгып жатышканын белгилеп, талаптары тууралуу айтуудан баш тартты.

Учурда аталган жерде 30га чукул киши турат.

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештин имаратынын алдында "Кырк чоро" кыймылы тарабынан уюштурулган митинг өтүп жатат
1/2
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Кырк чоро" кыймылы тарабынан уюштурулган митинг өтүп жатат
© Sputnik / Расул УсеналиевУчурда аталган жерде 30га чукул киши турат.
2/2
Учурда аталган жерде 30га чукул киши турат.
1/2
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Кырк чоро" кыймылы тарабынан уюштурулган митинг өтүп жатат
2/2
Учурда аталган жерде 30га чукул киши турат.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон.

Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Атамбаев: биз коңшу өлкөлөр менен согушпайбыз, бирок өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз
Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

Кечээ, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугуп жатып, чек ара маселесин чечүүдө сабырдуулук күтүп, провокацияга алдырбоо керектигин белгиледи.

Ушу тапта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0