Кызматкерлерге жакпаган троллейбус башкармалыгынын жетекчиси иштен убактылуу четтетилди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар жетекчилик тарабынан кысым болуп жатканын айтып, арызданышкан.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Мадылбек Абдразаков убактылуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

"Бүгүн Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчисине троллейбус айдоочулары нааразы экенин билдиришип, бүгүн ишке чыгуудан баш тартышкан. Атайын жыйналышка вицэ-мэр Геннадий Милицкий дагы катышып, жыйынтыгында Мадылбек Абдразаков убактылуу кызматынан четтетилди", — деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Маалыматка ылайык, айдоочулар жетекчилик тарабынан кысым болуп жатканын айтып арызданышкан. 

"Жетекчилик кызматкерлерди жумуштан кетирем деп эле коркута берет", — деп билдиришкен айдоочулар. 

Учурда, чечимге канааттанган троллейбус айдоочулары ишке чыгышты. 

Бүгүн саат 15.00до мэрияда бул маселе боюнча айдоочулардын катышуусунда, дагы бир ирет жыйын өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0