Өзбекстан чек ара боюнча жооп берди. Кыргызстан ага канааттанган жок

© Айбек СаматовЧек арадагы абал. Архив
Чек арадагы абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аралардын жабылышына нааразылыгын билдирген Кыргызстан буга чейин элчи аркылуу Өзбекстанга нота жиберген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймакты Өзбекстандын бир тараптуу жабылышына карата берилген каршылык нотасына өзбек тарап нота жибергенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арасылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" деп аталган такталбаган аймакты алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган.

КР Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын жөнөткөн.

Өкмөт башчы: бир сантиметр жерибизди да бербейбиз
Маалыматка ылайык, өзбек тараптын жиберген нотасында "Чаласарт" чек ара аймагынан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын чыгаруу боюнча кыргыз тараптын койгон маселелерине жооп берилген эмес.

Документте Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө мүмкүн эместигин дагы бир жолу кайталайт.

Жогорудагы такталбаган аймактан өзбек тарап өзүнүн тосмолорун, аскер кызматкерлерин жана аскердик техникаларын алып чыккандан кийин Өзбекстан тараптан оң жооп болбогондуктан, кыргыз тарап өзбек кесиптештери менен кыргыз-өзбек мамилелериндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирет. 

Тиешелүү нота өзбек тарапка жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0